Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 5 киши жабыркады

15:53, 12 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен 5 киши жабыркады. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда катталган. Анын кесепетинен Балыкчы шаардык ооруканасына 5 жабырлануучу жеткирилген.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, Балыкчы шаарын көздөй бараткан «Тойота Виш» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унаа аласалып кеткен. Айдоочунун айтымында, көзү илинип кеткен.