13:38
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

2019-жылы Ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 4 пайыз деңгээлде болжолдонууда

2019-жылы Ички дүң продукциянын (ИДП) реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Айтымында, ал экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалат.

Өкмөт башчы маалымдагандай, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП көлөмү 520,9 миллиард сом суммасында болду, ал эми экономиканын реалдуу өсүү темпи 3,5 пайыздык болжолдуу көрсөткүчтө 4,6 пайызды түздү.

«2018-жылдын бюджетинин негизинде ИДПнын көлөмү 558,4 миллиард сомду түзүп, өсүш 2,8 пайыз менен бекитилип жатат», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума