Өзбекстанда 59 наристе ууланган бала бакча жабылды

15:01, 12 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

59 наристе ууланган Ташкент облусунун Бекабад районундагы бала бакча убактылуу жабылды. Өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлиги кабарлагандай, 9-10-ноябрь күндөрү бул бала бакчада ууланган 62 наристе райондук ооруканага жаткырылган.

Мекемеден билдиришкендей, текшерүү маалында бакчадагы муздаткычтын иштебегендиги аныкталган. Мындан тышкары анда жер-жемиштерди тазалоо жана даярдоо үчүн атайын өзүнчө бир бөлмө болгон эмес.

«Эпидемиологиялык чараларды көзөмөлдөө жана жергиликтүү адистерге жардам көрсөтүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги инфекцинисттер менен эпидемиологдордун тобун жөнөттү», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, 7 баланын абалы жеңил, калгандарыныкы орто деп бааланууда. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, 10-ноябрда 20 бала ооруканадан чыгарылган.

Жергиликтүү прокуратура «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери уланууда.