Учак 11-ноябрь күнү Португалияда авиациялык-техникалык оңдоп-түзөөдөн өткөн соң учуп чыккан. Асманга көтөрүлгөндөн кийин мүчүлүштүктөр тууралуу белги берилип, жакын жердеги аскердик аэродромго конууга мажбур болгон.
Аба кемесинде экипажда башка жүргүнчүлөр болгон эмес.
Португалиянын Коргоо министри Жоао Кравинью Твиттердеги баракчасына Embraer учагынын навигациялык тетиктери иштебей калганын, аны эки F16 истребители Бежа аэродромуна кондурганын жазды.