Макулдашууларга ылайык, компания алгачкы программалык-жабдуу комплекстерин 90 календардык күндүн ичинде коюп бүтүшү керек.
4-сентябрда «Коопсуз шаар» долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык «Вега» радиокуруу концерни" утуп чыккан. Компания долбоорду 1 миллиард 195 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон.
Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык «Маалымат тутумунун коопсуздугу» ишканасы ««Вега» концерни бир катар маалыматтарды жашырган» деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, тендерде утуп алган орусиялык «Вега» компаниясы «талапка жооп бербейт» деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.
1-ноябрда Бишкектин район аралык соту «Коопсуз шаар» долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарган. Бул аркылуу сот Орусиялык «Вега» концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.