Бишкекте кар жаап, жолдор тайгак болууда. Айдоочулардын айтымында, жолдор тазаланбай, туз себилген эмес. Ал эми шаардык муниципалитетттен билдиришкендей, шаардын жолдорун тазалоо иштери түнкү саат 4тө башталган.
«92 тонна кум жана 8 тонна техникалык туз себилди. 25 даана техника ишке тартылды», -деп билдиришти муниципалитеттен.
Мэриянын маалыматы боюнча, тротуарларды кардан тазалоо үчүн 740 жумушчу иштеп жатат.