Бишкектин айрым райондорунда 2 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:
- 12-13-ноябрда — Ленская, Лазо, Фучик көчөлөрүндө;
- 13-14-ноябрда —Шүкүров, Жантөшов, Карадарыя көчөлөрүндө,
Аламүдүн айылындагы Гидростроитель, Чапаев, Набережная, Аламүдүн суу көчөлөрүндө.