Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы 2 миллион 367 миң сом иштеген. Бул боюнча анын Салык кызматына тапшырган декларациясында айтылат.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин 278 чарчы метрлик үйү, жылкылары жана уй-койлору бар.
Өкмөт башчысы туугандарынын кирешесин жана өзүнүн чыгашасын көрсөткөн эмес.