Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы 2 миллион сом иштеген

17:28, 06 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы 2 миллион 367 миң сом иштеген. Бул боюнча анын Салык кызматына тапшырган декларациясында айтылат.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин 278 чарчы метрлик үйү, жылкылары жана уй-койлору бар.

Өкмөт башчысы туугандарынын кирешесин жана өзүнүн чыгашасын көрсөткөн эмес.