Лейлек районунда депутатка ок атылды

11:45, 06 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин депутатына ок атылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирет.

Алардын маалыматында, 5-ноябрь түнү 23.00-24.00 ортосунда Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Кубаныч Баяновдун катышуусунда окуя болот. Депутат ок жаракаты менен Ходжент шаарындагы ооруканага жеткирилген.