12:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Казакстан «кайра тарбиялоо лагерлерине» байланыштуу Кытайга нота жөнөттү

Астана Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу билдирүүлөрдөн кийин Кытайдын элчилигине нато жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Бир нече күн мурун Кытайдан келген казак улутундагы өспүрүмдөр Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелери тууралуу видеокайрылуу жасап, Казакстандын бийлигинен жардам сурашкан.

«Бизде бул тууралуу маалыматтар бар. Кытай тараптан тиешелүү иштер жүрүүдө, сүйлөшүп жатабыз. Астанадагы Кытайдын элчилигине дипломатиялык ноталар жөнөтүлдү. Мындан тышкары биздин Пекиндеги элчилик аркылуу иштер жүргүзүлүп жатат. Бул балдардын айрымдарынын ата-энелерин билебиз, алар боюнча маалыматтар такталууда. Биз тараптан текшерилген бардык маалыматтар тиркелип, дипломатиялык нота жөнөтүлдү, кытай тараптан аларды тактап берүүнү өтүндүк», — деди Смадияров.

Анын айтымында, Кытайга өтүнүч жиберердин алдында мекеме укук коргоо органдары менен биргеликте өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери тууралуу маалыматтарды текшерүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума