12:19, 05 ноября 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте 7-ноябрдан тарта 16-ноябрга чейин Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кожомкул атындагы спорт ордосунда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн жарманкеси өтөт.
13үнөн 16-ноябрга чейин «Жаннат» мейманканасында мода жумалыгы өтөт. Анын алкагында «The Next Fashion» аталышындагы жаш дизайнерлердин сынагы уюштурулуп, «Fashion Brand» өндүрүш компанияларынын сынагы өткөрүлөт.