23:16
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Айтматовдун 90 жылдыгы. Стамбул шаарында иш-чара уюштурулат

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Түркиянын Стамбул шаарында иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстан маданият коомунан билдиришти. 

Эске салсак, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар Кыргызстанда жана дүйнөнүн айрым мамлекеттеринде белгиленүүдө. Үстүбүздөгү жылы жазуучунун жаркын элесине арналган илимий жыйындар жер-жерлерде уюштурулуп, анын эстелиги Орусияда орнотулду. Мындан тышкары Орусиянын аймагында Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайы ачылды. Казакстандын Астана шаарында көчөлөрдүн бирине жазуучунун ысымы ыйгарылды.

Стамбул шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде өтө турган иш-чара 9-ноябрда болот.

Эң көп окулган жаңылыктар