16:35
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды

Кыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара 4-ноябрда Москвада өттү. Медалдар ар түрдүү категорияда ойнотулду. Күрөң кур чоңдор арасында кимоносуз бөлүгүндө 83 килограммдык мекендешибиз Муртазали Муртазалиев Азербайжандык жана Орусиялык спортчуларды жеңип, чемпион болду.

Кимоно бөлүгүндө да ал жеңүүчү аталды. Мындан сырткары кыргызстандык Аднан Магомедов күмүш, Иса Ахмедов коло утуп алышты.

Кыргызстан командалык эсепте 13 өлкөнүн арасынан 4-орунга татыды.

Эң көп окулган жаңылыктар