«Каркыра -автожол» көзөмөл өткөрмө пункттары убактылуу ишин токтотту

16:43, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

«Каркыра — автожол» жана «Кеген — автожол» көзөмөл өткөрмө пункттары убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрдан баштап аталган көзөмөл өткөрмө пункттарында жарандарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү өткөрүү токтотулган. «Каркыра» өткөрмө пункту кийинки жылдын 1-майынан тарта ишин баштамакчы.

«Каркыра» өткөрмө пункту кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы мезгилдүү өткөрмө пункт болуп, май-октябрь айлар арасында гана иштейт.