Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

13:36, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө жеткирүү боюнча макулдашты. Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан картөшкө импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган.

Маселен, Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен «Наманган Универсал Савдо Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунан Өзбекстанга 66 тонна жашылча жөнөтүлгөн.

Фитосанитардык сертификация өзбек тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Ал ортодо 2-нобярда Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинде картөшкө жеткирүү боюнча өзбек компаниялары менен сүйлөшүүлөр өтүүдө.

Быйыл жыл башында айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев картөшкө менен жүгөрүнү Өзбекстанга экспорттоо маселеси да макулдашылганын билдирген.

Бирок жай айында Өзбекстан картөшкө алуудан баш тартканы жарыяланган. Октябрдын ортосунда ортомчулар жер-жерлерден картөшкөнүн килограммын 5-6 сомдон гана сатып алышкан. Дыйкандардын эмгеги акталбай калган.

Бул маселе өкмөт жана парламентте бир нече жолу талкууланган. Депутаттар, премьер-министр жана өлкө президенти айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин ишин сынга алышкан.