«Алар мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишим түзүү үчүн жалданма компаниялардын биринин жетекчисинен пара алган деп шектелүүдө», — деди басма сөз катчы.
Апта башында жергиликтүү маалымат агенттиктер сот бөгөт чарасы катары министрликтин жоопту катчысы Куатжан Уалиевди күрөө менен бошотконун, ал эми административдик департаменттин директору Еренай Даржибаев үй камагына чыгарылганын жазышкан.