Суроо-жооп. Гусул кайсы учурда талап кылынат

11:12, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

 

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Эгер кыздын гусулу жок болсо да нике кыюу туурабы?

Жооп: Туура болот. Анткени гусул намаз жана куран окуу алдында гана керек. Башка диний жөрөлгө алдында гусул алуу милдет эмес.