Бишкектин жакын аймагында, айланып өтүүчү жолдо 2 унаа кагышты. 1 аял мерт кетти

10:51, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектин жакын аймагында, айланып өтүүчү жолдо 2 унаа кагышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «кооптуу бурулуш» деген белгиге жана жол чийинине карабай айдоочулардын бири каршы тилкеге чыгып алган. Ал бет маңдайда келе жаткан унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 киши жабыркады. Ал эми 60 жаштагы аял каза болду.