Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна келди

09:09, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эки күндүк иш сапар менен Ош облусуна келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков «Ош — Айтматовдун тагдырында» салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат-спорттук оюндарга катышат.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» ЖЧК заводунун ачылышына катышат.