Оор абалдагы кыргызстандык жаран Орусиянын ооруканасына жаткырылды

16:18, 01 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Оор абалдагы кыргызстандык жаранды Санкт-Петербургдагы № 3 шаардык ооруканага жаткырышты. Бул тууралуу чет элдик сайттар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 31 жаштагы кыргызстандык 30-октябрда 3 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын баш мээси жабыркап, кежигесинде гематома пайда болгон. Мындан тышкары көкүрөк клеткасы жабыркап травматикалык шок абалга келген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 24.kg агенттигине билдиргендей, окуя иликтенип жатат.