08:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

2021-жылы ишке кирише турган «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу улантылат

Алдыдагы 5 жыл аралыгында энергетика, тоо кендерин казып алуу жана иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризм негизги приоритет катары саналат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп жатып билдирди.

«Өлкөнүн экспорттук потенциалын арттыруу максатында агроөнөр жай секторун өнүктүрөбүз. Заманбап экологиялык талаптарды сактоо, продукцияларды сактоонун жаңы технологияларын киргизүү, айыл чарба продукциясын тереңирээк кайра иштетүү, логистиканы өнүктүрүү экономикалык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болот», -деди мамлекет башчы.

Айтымында, энергетикада иштеп чыгуучу объектилерди масштабдуу түрдө реконструкциялоо жана модернизациялоо пландалууда.

«Энергетикалык инфраструктураны өнүктүрөбүз, анын ичинде 2021-жылы ишке кирише турган «CASA-1000» долбоорун ишке ашыруу улантылат. Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбарата-1, Жогорку Нарын ГЭСтерин, Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү пландалууда», -деп кошумчалады президент.

Эң көп окулган жаңылыктар