Ош облустук төрөтканасында 16 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине ОИИБдан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, өспүрүм кызды 15 жашында күйөөгө беришкен.
«Текшерүү жүрүүдө. Кыз ата-энесинин макулдугу менен турмушка чыккан. Төрөт үйүндө ал өзүнүн жашын жашырып, улуу көрсөтүп койгон. Бирок, анын 16 гана жашта экени аныкталды», -деп билдиришти ОИИБдан.