Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

12:01, 01 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Абдрахманов жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка таянсак, «Дэу Матиз», «Мерседес-Бенц» жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада 7 киши жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, «Дэу Матиз» унаасынын ичине кыпчылып калган жүргүнчүнү алып чыгып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.