Бишкектеги Абдрахманов жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка таянсак, «Дэу Матиз», «Мерседес-Бенц» жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада 7 киши жабыркаган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, «Дэу Матиз» унаасынын ичине кыпчылып калган жүргүнчүнү алып чыгып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.