Ошто тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен, бир нече үйдүн короосун суу каптады

11:52, 01 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен арыктардан суу ашып, бир нече турак жайдын короосун каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алиев көчөсүндөгү № 76, Мавлянов көчөсүндөгү № 90 үйлөрдүн короолорун жана Муминов көчөсүн суу каптаган.

«Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес. ӨКМнын куткаруучулары арыктарды жана суу каптаган короолорду тазалап беришкен», — деп айтылат маалыматта.