21:46
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Токко урунуп 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши сотко өттү

Токко урунуп кесепетинен 2 колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Тергөө эки кызмат адамына күнөө койду. Кылмыш ишти Майлы-Суу райондук соту карайт.

Эске салсак, августта жоокер Руслан Сапарбаев токко урунуп, 2 колун кестирүүгө мажбур болгон.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, жабырлануучу кезмет өтөп жатып электрдик подстанциянын аймагына кирген. Тыюу салынган белгиге карабай трансформатордук будкага киргенде, аны ток урган. Анын энеси Венера Сейталиеванын айтымында, уулу эч кандай инструкцияны бузган эмес. Ал аталган аймакта ток бар экенин билген эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар