Окурмандар: Биринчи чейрек аяктады, айрым китептер бериле элек

09:14, 01 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Билим берүү министрлиги биринчи чейректин акырына чейин мектептерге 5-6-класстар үчүн жаңы окуу китептери келет деп убада кылышкан. Бирок, китептердин баары эле берилген жок. Бул тууралуу окурмандар билдиришти.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Бүткүл дүйнөлүк банк долбоорунун маалыматы боюнча, 5-6-класстын окуу китептери ноябрда келет. Учурда чет элдик басмаканалар басып чыгарышууда.

Эске салсак, китептерди басып чыгаруу үчүн сынакка жергиликтүү басмаканалар гана эмес, чет өлкөлүк басмаканалар дагы катышкан.