02:17
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош шаарындагы кондитердик цех жабылды

Ош шаарындагы санитардык абалы талапка жооп бербеген кондитердик цех жабылды. Бул тууралуу мэрия маалымтайт.

Текшерүүдө цехтин санитардык-эпидемиологиялык талапка жооп бербестиги аныкталды.

Эскерте кетсек, буга чейин Эрмек Муратбек уулу санитардык абалы өтө начар жайды сүрөткө тартып, бул жер «Анкара» кондитердик фирмасы деп социалдык тармакка жарыялаган болчу.

Мэриянын маалыматында, цех көмүскө иш алып барган жана анын ээси ким экендиги белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума