Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы даярдык көрүүдө

17:09, 31 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцинанын 79 миң дозасын сатып алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, вакцина -медиктерге, өнөкөт оорусу барларга, көп ооруган балдарга, балдар үйлөрүнө, мектеп-интернатка, кош бойлуу айымдарга жасалат.

Мындан тышкары дагы 70 миң доза гуманитардык негизде алынып келиниши үчүн корпорациялардын бири менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Эмдөөнү Бишкектин дарыгерлер борборунан, № 312 эмканадан, № 6,8 Үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборлорунан сатып алса болот. Баасы 500дон 650 сомго чейин.