Бишкек шаардык сотунун алдында Икрамжан Илмияновдун тарапташтары чогулушту

16:35, 31 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында мурунку президенттин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун тарапташтары чогулушту.

Белгилей кетсек, бүгүн соттук коллегия Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы боюнча жактоочунун арызын карайт. 

Фото

Соттун имаратынын алдына 50дөн ашуун киши чогулду. Икрамжан Илмиянов УКМКнын тергөө абагында 28-ноябрга чейин камалат. Ага алдамчылык беренеси боюнча айып тагылууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, Икрамжан Илмиянов ишкерлердин биринен 150 миң доллар алган. 

Фото