07:59
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

9 ай ичинде 92 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды

Кыргызстандын аймагында 9 ай ичинде 92 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Айтымында, былтыр 320 чукул кырдаал катталган.

«Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 13 киши каза болгон. Келтирилген материалдык чыгым 1 миллиард 190 миллион 579 миң 300 сомду түздү», -деди ал.

Билдирүүгө ылайык, куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 122 жаран куткарылган: өрт кырсыгынан — 60, жол кырсыгынан — 20, экстремалдык абалдан — 22 жана суудан 9 жаран куткарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар