Эртең Ош шаарындагы үйлөргө жылуулук берилет. Бул тууралуу каала мэриясы билдирет.
«Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөнүнө байланыштуу 1-ноябрдан баштап Ош шаарына жылуулук берилет», — дейт мэрия.
Мындан тышкары электр тармактар ишканаларына электр энергиясы менен камсыздоого, «Газпром кыргызстан» ЖЧКнын «Ошгаз» филиалына газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдеттендирилди.