Кыргызстанда доллардын наркы өсүүдө

09:34, 31 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда доллардын наркы өсүүдө. 2 күн аралыгында 15-20 тыйынга кымбаттап, 70 сомго жетейин деп калды. Бүгүн борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,6-69,7 сомдон сатып алып, 69,8-69,9 сомдон сатышууда.

Жуманын башынан бери америкалык валюта 90 тыйынга кымбаттады.

Белгилей кетсек, ушундай эле абал сентябрдын башында байкалган. Анда доллардын курсу 69,7 сомго жетип, Улуттук банк валюта базарындагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция өткөргөн.