Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас келинчегин алып кетти

09:29, 31 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймураска турмушка чыгып жаткан модель Эркайымдын «Кыз узатуу» тою болду.

Кечээ Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Эркайым бойдокчулук менен коштошуп, ата-энесинин батасы менен Таймурастын колуна тапшырылды.

Белгилүү модель Эркайым Абдуллаева менен Таймурас Ташиев төрт айдан бери сүйлөшүп жүрүшөт.

Үлпөт тою 10-ноябрда өтөт.