Ырчы Самара Каримовага жаңы кызмат табылды

17:04, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, Самара Каримовага өткөн жылы Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору болуп дайындалган. Көпчүлүктүн сынан кийин ал өз калоосу менен кызматтан кеткен.