Киров суу сактагычынан белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды

11:19, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Киров суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка таянсак, 29-октябрда «102» кызматына суу сактагычтын жанында эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.