02:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

3 кондиционер, 22 терезе күйдү. Көп кабаттуу үйдөгү өрттүн себеби айтылды

Бишкектеги Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан № 3 көп кабаттуу турак-үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 250 чарчы метр сырткы жылууланган жасалгасы күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3 кондиционер, 22 пластик терезе күйүп кеткен.

Куткаруучулар тарабынан 70 адам эвакуацияланган. Өрттүн келип чыгышына электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы себеп болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар