Ошто жер титиреди

10:44, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 30-октябрда саат 08:22де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогундагы күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.