10:40, 30-октябрь 2018, Бишкек - 24.kg
Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Grand Slam эл аралык мелдеште 3-орунду камсыздады
10:40, 30-октябрь 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Grand Slam эл аралык мелдеште 3-орунду камсыздады. Бул тууралуу ippon.org. сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мелдеш Абу-Дабиде өттү. Ага 62 өлкөдөн 346 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 7 дзюдочу ат салышты.
Юрий Краковецкий 100 килограммдан өйдө салмак ченинде күч сынашып, коло медаль тагынды.
Шилтеме:
https://24.kg/kyrgyzcha/100115/ Кароо: 648