2019-жылы Бишкекте 9 гүлбакча жана чакан эс алуу жайлары жашылдандырылат

09:51, 30 октября 2018, Бишкек - 24.kg

2019-жылы Бишкекте 9 гүлбакча жана чакан эс алуу жайларын, 2 бульварды жашылдандыруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын отурумунда «Бишкекжашылдандыруу» мекемесинин директору Эльнура Жолдошева билдирди.

Маалыматка ылайык, буга 35 миллион сом коротулмакчы.

Эльнура Жолдошеванын айтымында, борбордогу бульварларды жашылдандырууга 5 миллион сом каралат. «Бак отургузуу, газон төшөө жана гүл карапаларын орнотуу-негизги иштер», -деди ал.