Жөлөкпул алуудагы негизги көйгөй -көп сандаган документтерди чогултуу

17:08, 29 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жөлөкпул алуудагы негизги көйгөй -көп сандаган документтерди чогултуу. Бул тууралуу социалдык маселелер, илим, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитеттин отурумунда маалым болду.

«Бишкекте 49 жаңы конуш бар, алардын 4өөнө гана иликтөө жүргүзүлдү», -деди укук жана кызыкчылыкты алдыга жылдыруу боюнча Ассоциациянын аткаруучу директору Наталья Шипп.

Сурамжылоого катышкандардын 100 пайызы жөлөкпул алуудагы негизги көйгөй -көп сандаган документтерди чогултуу дешкен. Ал эми 70 пайызы кайда кайрыла турганын билишпегендигин айтышкан. Дагы 40 пайызына туруктуу жашагандыгы тууралуу документи жок болгондуктан, жөлөкпул берүүдөн баш тартып коюшкан.