16:25, 29 октября 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкекте 76-театр сезонунун ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы сезон 17-ноябрда Опера жана балет театрында башталат.
Шаар тургундары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган композитор Калый Молдобасановдун «Саманчынын жолу» балет-ораториясына күбө боло алышат.