11:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ноокен районунда 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып набыт болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып набыт болду. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 27-октябрда Сакалды деген айылда болгон.

«Өспүрүм кошуна үйдө үйүлгөн пахтанын жанында ойноп жаткан. Баланы үйүлүп турган 3 тонна пахта басып калып, ал тумчугуп каза болгон», — деп жазылат маалыматта.

Айрым билдирүүгө таянсак, баланын ата-энеси Орусияда экени айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар