16:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орусиядан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 наристе алынып келинди

Орусиянын Новосибирск облусунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 наристе алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар интернатка өткөрүлөт. Министрликтин кызматкерлери учурда аларды биологиялык үй-бүлөсү менен байланыштыруу боюнча иш алып барууда.

«Балдар ата-энесинин камкордугунан ар кандай себептерден улам ажыраган. Негизги себеби, дайыма жашай турган жайы жана иштеген иши жоктугуна байланыштуу, энелери баш тартышат», -деп жазылат маалыматта.

Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Кыргызстанга 89 бала алынып келинди.

Эң көп окулган жаңылыктар