USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Mansion түнкү клубунда өспүрүм каза болду. Шектүүлөргө күнөө тагылды

12:21, 29 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Mansion түнкү клубунда каза болгон өспүрүмдүн өлүмү боюнча шектүүлөргө күнөө коюлду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү жарандарга карата кылмыш иши козголду.

Каза болгон өспүрүм 17 жашта болгон. Ал эми анын өлүмүнө шектүүлөр 18 жана 17 жаштагы тургундар. Алардын айтымында, ортодо пикир келишпестиктер жаралып, согушуп кетишкен. Окуя ишембиден жекшембиге караган түнү болгон.

Шектүүлөр 28-октябрда кармалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика