06:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн бухгалтериясына печать басышты

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн бухгалтериясына печать басышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка таянсак, тинтүүгө сакцияны сот буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында берген.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура басма үйүнүн мурунку кожоюну Александр Кимдин 2014-жылы «Вечерний Бишкек» холдингинин Александр Рябушкин тарабынан рейдерлик жол менен басылып алгандыгы тууралуу арызын карап чыгып, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар