Алматы-Бишкек унаа жолунун 23-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 21 киши жабыркады. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, жабыркагандар Каскелендеги ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен бирөө жандандыруу бөлүмүндө, 6 адам ооруканага жаткырылды. Калган жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүшүүдө.
Полициянын маалыматына караганда, кичи автобус менен автобус сүзүшкөн. Анда кичи автобустун жүргүнчүлөрү гана жабыркаган. Анда кайсыл өлкөнүн жарандарды бара жатканы такталууда.