Алматы-Бишкек унаа жолунда кырсык болуп, 21 киши жаракат алды

11:18, 29 октября 2018, Бишкек - 24.kg

Алматы-Бишкек унаа жолунун 23-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 21 киши жабыркады. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги маалымдады.

Билдирүүгө караганда, жабыркагандар Каскелендеги ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен бирөө жандандыруу бөлүмүндө, 6 адам ооруканага жаткырылды. Калган жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүшүүдө.

Полициянын маалыматына караганда, кичи автобус менен автобус сүзүшкөн. Анда кичи автобустун жүргүнчүлөрү гана жабыркаган. Анда кайсыл өлкөнүн жарандарды бара жатканы такталууда.