USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,3 миллиард куб метрди түзөт

09:14, 20 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 345 миллион куб метрди түзөт. Бул тууралуу парламенттин Өнөр жай саясаты, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди. Ал бул маалыматтар 15-октябрга карата көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы сакталып жатканын айтты. Аны жабуу үчүн өлкө жыл сайын 4 миллиардга жакын киловатт-саат импорттойт.

Эскерте кетсек, буга чейин аткаминер кышкы мезгилде электр энергиясын пландаштырылган өчүрүүлөр жана чектөөлөр каралган эмес экенин айткан. Бирок кубаттуулук күчөгөн сааттарда (часы пик) кошумча чаралар талап кылынышы мүмкүн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18